Бирде катуулап, бирде акырындап туруучу абанын агымы, акырын жүргөн шамал. Күн батса да үлп эткен жел жок, үй да, сырт да дем болуп турду (Каимов). Капчыгайдан сыдырым жел сого баштады (Абдукаримов). Жел болбосо, чөптүн башы ыргалбайт (макал). Ойгоно элек азыр анда желаргы, Камыш үнсүз, ойгоно элек каз-өрдөк (Карагулова).
1. Катуу басыктан ылдам текиреңдеп жүргөнгө жетпеген жүрүш менен жүрүү, жорто жүрүү. Эңкейиш жолдо аттар желе басса, дөңгөлөктөр көзгө илешпей чимирилет (Сыдыкбеков). Бөлпүлдөп желген жээрде атты минип келе жаткан – Сансыз (Жантөшев). || Ылдамдай өтүү, ылдамдаган жүрүштө болуу. Жети күнкү жаандан, Желип өткөн суу жакшы (макал). 2. Ныгыра-ныгыра басуу. Желип-желип койду эле Элеманы курусун («Эр Төштүк»).
же II этишинин туюк мамилеси. Тамак желип болгондон соң, дагы азга сүйлөшүп отурушту (Байтемиров).